super.kg logo

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинде иш алып барууга даярдык көрүүдө

 

Бүгүн, 24-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча өнөктүктүн жыйынтыктарына арналган Тематикалык коллегиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышына багытталган дипломатиялык өнөктүктүн жыйынтыктары талкууланды.

Министр Жээнбек Кулубаев белгилегендей, бул ийгиликке президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу жана координациясы, ошондой эле өкмөт менен дипломатиялык кызматтын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында жетишилди.

2025–2026-жылдары өнөктүктүн алкагында 1500дөн ашык эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, бир катар өз ара сапарлар уюштурулган. Кыргызстандын дипломатиялык ишмердигинин географиясы Европа, Африка, Океания, Кариб бассейни жана Латын Америкасына чейин кеңейтилген.

Мындан тышкары, ушул мезгил аралыгында Кыргызстан 15 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүп, мындай мамилелер түзүлгөн БУУга мүчө өлкөлөрдүн жалпы саны 185ке жетти.

Жыйында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилеринин өнөктүккө кошкон салымы да талданып, айрым дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишине сын-пикирлер айтылды.

Жыйындын соңунда Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги алдыдагы ишине байланыштуу негизги багыттар аныкталып, Тышкы иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кадрдык потенциалын күчөтүү боюнча чаралар каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: