Алматыда рэпер Say Mo'го сахнада үйлөнүү сунушу жасалды (видео)
Кечээ, 24-августта Алматы шаарында өткөн Media Basket спорттук турниринде болгон күтүүсүз окуя социалдык тармактарга тарады.
Турнирдин президенти жана "Ирбис" баскетбол клубунун ээси Евгений Булатов казакстандык рэп аткаруучу Say Mo өнөрүн тартуулап жаткан учурда сахнага чыгып, бир тизесине отуруп, ага үйлөнүү сунушун жасаган.
Булатов ырчыга долларлык купюралардан жасалган чоң гүлдесте жана Cartier брендинен шакек тартуулаган. Бирок Say Mo сахнада эле бул сунуштан баш тарткан.
Окуя тартылган видео колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратты. Кийинчерээк турнирдин уюштуруучулары бул көрүнүш алдын ала пландалган тамаша болгонун билдиришкен.
Say Mo менен Булатовдун ортосундагы мамиле тууралуу расмий маалымат жок.
Алматыда рэпер Say Moго сахнада үйлөнүү сунушу жасалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:25
2026-08-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















