super.kg logo

ИИМ эскертет! 31-августта "Бишкек Аренага" эмнелерди алып кирүүгө болбойт

 

31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи "Бишкек Аренада" өтөт. Андыктан бүгүн, 25-августта ИИМдин басма сөз кызматы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады.

Маалым болгондой, стадионго тамеки, IQOS, насвай, сырттан алынган тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкө, банка, көлөмдүү сумка жана чемодандарды алып кирүүгө болбойт. Ошондой эле курал-жарак, учтуу жана кесүүчү буюмдар, пиротехника, газ баллондору, дрондор, уруксаты жок кесиптик камералар, радиостанциялар жана катуу үн чыгаруучу каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынат.

ИИМ көрүүчүлөрдү эртерээк келип, текшерүүдөн өтүүгө жана кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырды.

Мындан тышкары, Көчмөндөр оюндарына байланыштуу Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл аймактарындагы айрым жолдордо убактылуу чектөөлөр киргизилет. Айдоочуларга каттамын алдын ала пландап алуу сунушталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: