Эрдоган: “Түркия “кан төгүлгөн сценарийлердин” ишке ашуусуна жол бербейт”
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара Жакынкы Чыгышта “кан төгүлгөн сценарийлердин” ишке ашырылышына аракеттер болуп жатканын көрүп турганын билдирди. Түркия мындай аракеттердин ишке ашуусуна жол бербей турганын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
“Биз аймакта кандай кан төгүлгөн сценарийлер жазылууга аракет болуп жатканын көрүп турабыз. Кудайдын жардамы менен алардын ишке ашуусуна жол бербейбиз”, - деди Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынынан кийинки элге кайрылуусунда.
Түркиянын лидери өлкө өзүнүн принциптеринен жана улуттук кызыкчылыктарынан баш тартпай турганын, ошондой эле Анкарага ишенген досторун жана өнөктөштөрүн колдоосуз калтырбай турганын белгиледи.
Анын айтымында, Түркия бул саясатка ким каршы болбосун, аймакта тынчтык орнотууну жактай берет. Ошондой эле Анкара коңшу мамлекеттерди калыбына келтирүүгө жана турукташтырууга колдоо көрсөтүүдөн баш тартпайт.
“Күнөөсүз адамдардын каны колунда болгон кылмыштуу топтор буга нааразы болуп жатат деп эле коңшуларыбыздын калыбына келишин колдоодон баш тартпайбыз”, - деди президент.
Буга чейин Израил Алеппого жакын, Түркиянын чек арасына жакын жайгашкан Сириянын Абу-эд-Духур авиабазасына абадан сокку урган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси бул чабуулду Сирия Израил менен түзүлгөн коопсуздук боюнча макулдашууларды бузууга жакындап калганы менен түшүндүргөн.
Маалыматта Сирия аталган авиабазага түрк аскерлерин жайгаштырышы мүмкүн экени, бул Израилдин коопсуздугуна коркунуч жарата турганы айтылган. Түркия соккуларды айыптаган. Ал эми АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак бул аракетти “керексиз эскалация” деп атаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















