Надырбек Мамадалиев футбол боюнча Олимпиадалык кураманын башкы машыктыруучусу болду
Надырбек Мамадалиев Кыргызстандын футбол боюнча U-23 Олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Ал бул кызматта Урмат Абдукаимовду алмаштырганын Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү чечим 25-августта биримдиктин Аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Мамадалиев Азия футбол конфедерациясынын "A" категориясындагы машыктыруучулук лицензиясына ээ. Учурда "AFC PRO" лицензиясын алуу процессинде.
Ал буга чейин Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы футбол академиясында, "Каганат" жана "Алай" клубдарында башкы машыктыруучу болуп иштеген. 2023-жылдан бери Кыргызстандын улуттук жана Олимпиадалык курамаларында башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп эмгектенип келген. Ал эми 2025-жылдан тарта "Өзгөн" футболдук клубун жетектеп келет.
Эми жаңы башкы машыктыруучунун алдында U-23 курама команданы 19-сентябрдан 4-октябрга чейин Японияда өтө турган Азия оюндарына даярдоо милдети турат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















