Жогорку сот "Ихсан" кооперативинин жетекчилерине чыккан өкүмдү күчүндө калтырды
Бүгүн, 26-августта Жогорку сот "Ихсан" кооперативинин жетекчилери Акинай Бекмурзаева жана Эрмат Абылкасымовго байланыштуу кассациялык даттанууну карады. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жактоочу тарап мурда чыгарылган сот актыларын жокко чыгарып, кылмыш ишин биринчи инстанциядагы сотто кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн. Бирок Жогорку сот даттанууну канааттандырбай, Бишкек шаардык сотунун 2024-жылдын 7-июнундагы өкүмүн күчүндө калтырды.
Ага ылайык, Бекмурзаева 10 жылга, Абылкасымов 9 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле алардын мүлкүн конфискациялоо жана 3 жылга белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазасы белгиленген.
Мындан тышкары, соттолгондордон жана "Ихсан Групп ЛТД" турак жай коммерциялык эмес кооперативинен жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыянды биргелешип өндүрүү чечими чыккан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















