2026-жылы дүйнөдөгү музыканын дээрлик 40 пайызы ЖИнин жардамы менен жаралган
2026-жылдын июль айында музыканттардын 38,5 пайызы чыгармаларын жаратуу учурунда жасалма интеллектти (ЖИ) колдонушкан. Бул тууралуу музыканы жайылтууга багытталган SubmitHub платформасы жүргүзгөн изилдөөдө айтылат.
Изилдөөнүн алкагында платформа өзүнүн SH Labs аттуу ЖИ аркылуу жаралган музыканы аныктоочу куралын колдонуп, июль айында жарык көргөн бир миллионго жакын тректи талдаган.
Натыйжада композициялардын 23,2 пайызы толугу менен жасалма интеллект тарабынан жаралганы аныкталган. Ал эми 15,3 пайызында музыканттар нейротармак жараткан обондорду колдонуп, кийин аларды өз алдынча өзгөртүшкөн.
SubmitHub платформасынын негиздөөчүсү Жейсон Гришкоффтун айтымында, ЖИ колдонулган музыканын келечегинде эң негизги нерсе - ачык-айкындуулук. Угуучулар чыгарма жасалма интеллекттин жардамы менен жаралганын билип, аны угуу же укпоо боюнча өз алдынча чечим кабыл алышы керек.
Музыка индустриясы да жаңы тенденцияга ылайыкташа баштады. Мисалы, Австралияда расмий музыкалык хит-параддарга ЖИ тарабынан түзүлгөн чыгармаларды киргизүүгө тыюу салынды.
Ал эми Spotify 2026-жылдын сентябрь айынан тартып нейротармактар аркылуу түзүлгөн музыканттардын профилдерине AI Persona деген атайын белгини коюуну пландап жатат. Мындай профилдер платформадагы сунуштарда азыраак көрсөтүлөт.
Кыргызстанда да ЖИ аткарган кыргызча чыгармалар бул жылы популярдуу болууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















