Орусияда 14 жаштагы баскетболчу машыгуу учурунда каза болду
Орусиянын "Химки" баскетбол клубунун башкы машыктыруучусу Арон Семерниновдун 14 жаштагы уулу машыгуу учурунда күтүүсүздөн каза болду.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, кырсык 25-августта Москва облусунун Одинцово шаардык округундагы "Ершово" эс алуу жайынын спорт залында болгон. Өспүрүм баскетбол ойноп жатып күтүүсүз жерге кулап, дем алуусу кыйындаган.
Окуя болгон жерге дарыгерлер келип, бирок баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, өлүмгө машыгуу учурунда жүрөктүн күтүүсүз токтоп калышы себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:34
2026-08-26
12:30
2026-08-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















