super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедов 100 миллион долларлык супер беттештен эмне үчүн баш тартканын түшүндүрдү

 

UFC'нин жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов атактуу боксчу Флойд Мейвезер менен беттешүү үчүн сунушталган 100 миллион долларлык гонорардан эмне себептен баш тартканын айтып берди.

Нурмагомедов күйөрмандары менен жолугушуу учурунда бул беттеш акча үчүн гана уюштурулмактыгын белгилеген.

«Бул акча үчүн болгон беттеш болмок. Бирок мен муну эч качан кылбайм, анткени мурасты сыйлайм. Мейвезерди адам катары карасак, эч ким ага окшогусу келбейт. Ал эми Мухаммед Алиге караңыз. Ал азыр арабызда жок, бирок миллиарддаган адамдарга, анын ичинде мусулмандарга гана эмес, баарына дем берди», — деди Хабиб.

Хабиб менен Мейвезердин супер беттешин уюштуруу идеясы 2020-жылдын башында, Нурмагомедов карьерасын расмий аяктаганга чейин пайда болгон. Ага 100 миллион доллар сунушталган. 2021-жылы спорттон кеткенден кийин да мындай сунуш кайра айтылган.

Маалыматка караганда, мега-беттешти уюштурууга Сауд Арабиясынын инвесторлору кызыкдар болуп, UFC президенти Дана Уайт да бул идеяны колдогон.

Хабиб Нурмагомедов профессионалдык карьерасын 2020-жылдын октябрында аяктаган. Ал спорттон жеңилбеген бойдон кетип, 29 беттештин баарында жеңишке жеткен - 29-0. Андан кийин спортчу октагонго кайтып келбей турганын бир нече жолу билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: