super.kg logo

Америкалык көк бөрүчүлөр маркум улакчы Мирлан Сражидиновдун үй-бүлөсүнөн кабар алышты (видео)

 

Кечээ, 26-августта Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келген АКШнын көк бөрү боюнча курамасынын оюнчулары өздөрүнүн алгачкы машыктыруучусу, маркум улакчы Мирлан Сражидиновдун үйүнө барышты. Алар Сраждиновдун жакындарына көңүл айтып, эскеришти.

Спортчулар маркумдун үй-бүлөсү менен жолугуп, анын эмгегин жана көк бөрүгө кошкон салымын белгилешти. Убагында Сражидинов америкалык оюнчуларга көк бөрүнүн сырларын үйрөтүп, алардын бул спортко болгон кызыгуусунун калыптанышына чоң салым кошкон.

Эске салсак, Нооруз кубогунун алкагында өтүп жаткан мелдеште 2025-жылдын 12-марттында "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командалары беттешинде улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов оюн учурунда катуу соккудан улам эс-учун жоготуп, ооруканага жетпей каза тапкан.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, атаандаш команданын оюнчусу менен оюн учурунда калыстык кылган судья кармалган.

Мирлан Сраждиновдун сөөгү 14-мартта Сокулук районунун Төш-Булак айылында жерге берилген.






Америкалык көк бөрүчүлөр маркум улакчы Мирлан Сражидиновдун үй-бүлөсүнөн кабар алышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: