Байге 200 миң сомго чейин... Бишкекте туризмди таанытуу боюнча видеосынак жарыяланды
Бишкекти дүйнөгө тааныткан мыкты видеолор жана фотокаталогдор үчүн сынак жарыяланды.
Мэрия билдиргендей, арыздар 27-августтан 27-октябрга чейин кабыл алынат.
- Мыкты туристтик видеоролик - 200 миң сом;
- Мыкты туристтик фотокаталог - 100 миң сом;
- Беш тематикалык номинациянын ар бир жеңүүчүсүнө 20 миң сом жана сертификат;
- "Көрүүчүлөр сыйлыгынын" жеңүүчүсүнө атайын сертификат жана эстелик белек берилет.
"Сынакка жеке же 5 адамга чейинки топ менен катышууга болот. Видеолор кыргыз, орус же англис тилдеринде, ал эми фотокаталогдор үч тилде даярдалышы керек. Сынакка катышууну каалагандар даяр иштерин gorsport@meria.kg электрондук дарегине же @mi1ianna Telegram аккаунтуна жөнөтө алышат",- деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:34
2026-08-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















