super.kg logo

Иттин байлыгы оозду ачат... Дүйнөдөгү эң бай өлкө, адам, жаныбар, компания тизмелери

 

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, дүйнөдөгү эң бай өлкө, адам, компаниялардын тизмеси.

Эң бай өлкө болуп калкынын жан башына туура келген ички дүң өндүрүмдүн көлөмү боюнча Лихтенштейн саналат. Ал эми өлкөнүн жалпы экономикасынын көлөмү боюнча АКШ биринчи орунда. Лихтенштейн — киши башына орточо киреше 226 800 - 246 700 доллар. Эгерде калктын санын эсепке албай, өлкөнүн жалпы кирешесинин көлөмүн карасак, дүйнөлүк лидер АКШ. Аталган өлкөнүн жалпы экономикасынын көлөмү 31,8 триллион доллардан ашат.

Эң бай адам америкалык ишкер Илон Маск. Ал Tesla, SpaceX жана башка бир нече таанымал компаниялардын жетекчиси жана негиздөөчүсү. Анын учурдагы байлыгы 850-860 миллиард доллардын айланасында бааланууда. 2026-жылдын июнь айында анын компанияларынын (өзгөчө SpaceX) акциялары кескин кымбаттап, тарыхта биринчи жолу байлыгы убактылуу 1 триллион доллардан ашкан алгачкы адам болуп катталган.

Дүйнөдөгү эң кымбат жана эң бай компания болуп жасалма интеллект чиптерин чыгарган америкалык NVIDIA корпорациясы саналат. Компаниянын рыноктук баасы 5,07 триллион доллар. Эгерде биржадагы баасын эмес, бир жыл ичинде тапкан реалдуу акчасынын көлөмүн карасак, анда тизменин сап башына Walmart компаниясы чыгат. Анын жылдык кирешеси 680 миллиард доллар. Walmart — бул дүйнөдөгү эң ири дүң жана чекене соода (супермаркеттер жана гипермаркеттер) тармагын башкарган америкалык трансулуттук корпорация.
Эң бай жана эң кымбат авиакомпания — америкалык Delta Air Lines. Анын рыноктук баасы 54-58 миллиард доллар айланасында бааланып, дүйнөдөгү бардык авиакомпаниялардан алдыда турат.
Тарыхтагы жана учурдагы эң бай спортчу болуп америкалык баскетболчу Майкл Жордан эсептелет. Анын жалпы байлыгы 3,6 - 4,3 миллиард доллар айланасында бааланат. Ал эми учурда спорттук карьерасын активдүү улантып жаткан, тагыраагы, өргүүгө чыга элек кирешелүү спортчу катары португалиялык футболчу Криштиану Роналду саналат.
Гюнтер VI аттуу немис овчаркасы дүйнөдөгү эң бай жаныбар болуп саналат. Анын расмий байлыгы 400 миллиондон 500 миллион долларга чейин бааланат. 1992-жылы германиялык бай граф айым Карлотта фон Либенштайн каза болуп, өзүнүн жүздөгөн миллиондук байлыгын сүйүктүү ити Гюнтер IIIго мураска калтырган. Гюнтер VI ошол итке таандык байлыкты мураска алган. Албетте, ит акчаны өзү иштете албайт. Анын байлыгын атайын юристтер жана каржылык менеджерлер тобу башкарат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: