Корумдуда үчүнчү альпинистти издөө иштери токтотулду (видео)
Корумду чокусунда дайынсыз болуп жаткан үчүнчү альпинистти издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 27-августта издөө иштерине катышып жаткан Александр Смирнов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Издөө тобунун мүчөлөрү альпинисттин буюмдары түшүп кеткен жаракаларды текшеришкен. Бирок жаракалар карга толуп, аймакта байма-бай таштар кулагандыктан куткаруучулардын өмүрүнө коркунуч жаралган. Буга байланыштуу 26-августта тоо боорундагы иштер белгисиз мөөнөткө токтотулуп, издөө тобунун мүчөлөрү Ош шаарына эвакуацияланган.
Буга чейин 24-августта тик учак 5 альпинистти 4300 метр бийиктиктеги мөңгүгө жеткирген. Ошол эле күнү топ дайынсыз болгон эки адамды таап, 25-августта альпинисттердин сөөгү тоодон түшүрүлгөн. Андан соң милициянын коштоосунда шаардагы өлүкканага жеткирилген.
Маркумдардын аты-жөнү расмий түрдө аныктала элек.
Эске салсак, 1-августта үч альпинист Корумду чокусуна көтөрүлгөн. Алар Беларустан келген Максим Полянский, Николай Свиридов жана Литвадан келген Сергей Рубцов. Альпинисттер 2-августта акыркы жолу байланышка чыгышкан.
Корумдуда үчүнчү альпинистти издөө иштери токтотулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















