Дүйнөдөгү миллиардерлердин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү миллиардерлердин саны рекорддук деңгээлге жетип, 3795 адамды түздү. Алардын жалпы байлыгы 15,1 триллион долларга бааланууда. Бул тууралуу Altrata аналитикалык компаниясынын баяндамасында айтылат.
Маалыматка ылайык, бир жыл ичинде миллиардерлердин саны 8,2%га көбөйүп, акыркы беш жылдагы эң жогорку өсүш катталган. Буга фондулук рыноктордун өсүшү, акча-кредиттик стимулдар жана жасалма интеллект тармагындагы инвестициялык бум таасир эткен.
2025-жылы миллиардерлердин катарына дагы 287 адам кошулган. Ал эми акыркы 10 жылда алардын саны дээрлик 60%га өскөн.
Миллиардерлердин жалпы байлыгы бир жылда 12,8%га көбөйгөн. 15,1 триллион доллар — S&P 500 индексине кирген компаниялардын жалпы рыноктук капиталдаштыруусунун дээрлик төрттөн бирине барабар.
Учурда бир миллиардердин орточо байлыгы 4 миллиард долларды түзөт. Бирок медианалык көрсөткүч 2 миллиард долларга жакын. Бул эң бай адамдардын арасында байлыктын өтө тең эмес бөлүштүрүлгөнүн көрсөтөт.
Аналитиктер байлыгы 50 миллиард доллардан ашкан 29 адамды «супермиллиардерлер» деп аташат. Алар дүйнөдөгү бардык миллиардерлердин жалпы байлыгынын 27%ын көзөмөлдөшөт. 2017-жылы бул көрсөткүч болгону 7% болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















