УКМК 1 килограммдан ашык баңгизатын сатып жаткандарды колго түшүрдү
УКМК "Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан" багыты аркылуу баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалпы салмагы 1 килограмм 100 грамм болгон баңгизатты сатууга аракет кылып жатканда М.Д. жана Н.А. аттуу жарандар кармалды.
Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:03
2026-08-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















