super.kg logo

Таласта өспүрүмдөр карыяны токмоктоп жатып видеого тартышкан (видео)

 

Талас шаарында бир нече өспүрүмдүн улгайган кишини сабап, тепкилеп, мазактаган видеосу социалдык тармактарга тарады.

Бүгүн, 29-августта милиция окуяга тиешеси бар 2009, 2010 жана 2013-жылы туулган үч өспүрүмдү аныктап, ата-энелери менен бирге райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу жана анын жакындары өспүрүмдөргө карата доосу жок экенин билдиришкен. Медициналык кароодон кийин улгайган кишиден оор жаракаттар аныкталган эмес.

Окуя боюнча эки өспүрүмгө майда бейбаштык үчүн протокол түзүлүп, 13 жаштагы баланын ата-энесине ата-энелик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн чара көрүлдү.

Үч өспүрүм тең милициянын атайын профилактикалык каттоосуна алынды.






Таласта өспүрүмдөр карыяны токмоктоп, аны видеого тартышкан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: