super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

 

Бүгүн, 28-августта президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Кытай Эл Республикасынын Тибет автономдуу районунда селдин кесепетинин адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаардык округуна караштуу Гьиронг уездинде болгон селдин кесепетинен адамдар каза болду жана дайынсыз жоголду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: