Садыр Жапаров Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтты
Бүгүн, 28-августта президент Садыр Жапаров Непалда сел жүрүп, адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
“Непалдын чек ара аймактарында селдин кесепетинен ири кыйроолор болуп, көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат телеграммада.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:45
2026-08-29
10:32
2026-08-27
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















