Жасалма диплом менен иштеп жүргөн 2 инспекторго кылмыш иши козголду
Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында 2 жаран жасалма диплом менен иштеп жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу 28-августта Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Алар жумушка орношууда Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүп, инспектор болуп кабыл алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жарандар бул жогорку окуу жайларда окубагандыгы жана алар көрсөткөн дипломдор жасалма экендиги тастыкталды.
Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен 2 кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:03
2026-08-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















