ШКУ лидерлери Бишкектеги саммитте баңгизатка каршы күрөшүү боюнча чечимдерди кабыл алат
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин лидерлери Бишкекте өтө турган саммитте баңгизатка каршы күрөшүү, коопсуздукту камсыздоо жана логистика тармактары боюнча бир катар чечимдерди кабыл алышат.
Маалыматка ылайык, саммитте эл аралык маалыматтык коопсуздук, илим жана технология, логистика жана порттор тармагындагы кызматташтык боюнча документтерге кол коюу пландалууда.
Ошондой эле энергетикалык натыйжалуулук, энергетикалык тармактар, физикалык жана өзөктүк коопсуздук, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудагы кызматташтык боюнча билдирүүлөр кабыл алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















