Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолукту
Бүгүн, 28-августта
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма соз кызматынан билдиришти.
Жолугушуу ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкекте өтө турган саммитинин алдында уюштурулду. Министр алдыдагы саммит уюмдун өнүгүүсүндө, мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди, ынак коңшулук мамилелерди жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү этап болорун белгиледи.
Кулубаев улуттук координаторлорго саммиттин мазмундук бөлүгүн даярдоого кошкон салымы жана конструктивдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, ШКУнун мындан аркы ишмердигин аныктай турган документтерди макулдашуу жана чечимдерди даярдоо боюнча негизги иштер координаторлордун деңгээлинде жүргүзүлүүдө.
Өз кезегинде Орусиянын президентинин ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү Бахтиер Хакимов Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуу мезгилиндеги ишин жогору баалап, саммитти даярдоодо улуттук координаторлор кеңешинин маанилүү ролун белгиледи.
Ал ошондой эле Кыргызстанды эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы жана 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.
Алдыдагы ШКУ саммити Бишкекте өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















