Путин 1-сентябрда Бишкекте Пашинян менен жолугушат
Орусиянын президенти Владимир Путин 1-сентябрда Бишкекте Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков орус басылмаларына билдирди.
Анын айтымында, Путин Кыргызстанда 31-августтан 1-сентябрга чейин өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат. Саммиттин алкагындагы бардык иш-чаралар аяктагандан кийин Орусия лидери Бишкекте бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү улантат.
“Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен сүйлөшүү болот. Армениядагы шайлоодон кийин лидерлерибиз буга чейин да байланышкан”, - деди Ушаков.
Арменияда парламенттик шайлоо 7-июнда өткөн. Ал эми 27-июлда Путин менен Пашинян Армения тараптын демилгеси менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















