Аксыда 100 орундуу жаңы бала бакча курулуп бүттү
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кум айылында 100 орунга ылайыкталган жаңы бала бакчанын курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки кабаттуу имарат республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, ага 48,8 миллион сом жумшалган. Бала бакчанын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт.
Долбоорго ылайык, имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык жана өнүктүрүүчү сабактарды өтүүсү, ошондой эле ойноосу үчүн атайын бөлмөлөр каралган. Бала бакча керектүү жабдуулар менен камсыздалган.
Курулуш иштеринин сапаты Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, объекттин ар бир этабы белгиленген талаптарга ылайык аткарылганы текшерилген.
Жаңы бала бакча жакын арада пайдаланууга берилери күтүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















