Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн ШКУ саммитине жана ДКОго даярдыгын текшерди
Бүгүн, 29-августта президент Садыр Жапаров Бишкекте ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда коомдук коопсуздукту камсыздай турган күч түзүмдөрүнүн даярдыгын текшерди.
Басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага ИИМ, Коргоо министрлиги, ӨКМ, Саламаттык сактоо министрлиги жана башка мамлекеттик органдардын 15 миңге жакын кызматкери тартылды.
Аларга атайын техника, тез жардам жана реанимобилдер, дрондорго каршы жабдуулар, көчмө рентген аппараттары, металл издегичтер, кинологиялык жана атчан бөлүктөр көрсөтүлдү.
Президент эл аралык иш-чаралар маалында жарандардын жана чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу башкы милдет экенин белгилеп, кызматкерлерди тартипти сактоого, ыкчам жана сылык кызмат көрсөтүүгө чакырды.
Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлерди социалдык жактан колдоо иштери улантыларын айтты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















