"Андайларга ырайым болбойт!" Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн алдында билдирүү жасады
Бүгүн, 29-августта президент Садыр Жапаров Бишкекте ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда коомдук коопсуздукту камсыздай турган күч түзүмдөрүнүн даярдыгын текшерип жатып, коомдо дүрбөлөң жасагандарга жаза катуу болорун эскертти.
"Өнүгүүнүн эң биринчи шарты – темирдей бекем тартип! Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек! Андайларга ырайым болбойт! Өлкөбүздүн күчү – биримдигибизде жана ынтымагыбызда! Биримдик бар жерде ийгиликтер болот, ынтымак уялаган жерге ырыс-кут конот”, - деди президент.
Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы коопсуздукту камсыз кылууга тартылган бардык кызматкерлерге жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















