ШКУ: 25 жылдык тарыхы, максаты жана мүчө мамлекеттер
31-август – 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт. Кыргызстан үчүн бул иш-чара өзгөчө мааниге ээ. Анткени өлкө 2025–2026-жылдары ШКУга төрагалык кылып, уюмдун юбилейлик саммитин өткөрүп жатат. Быйыл ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толду.
Саммитке байланыштуу Бишкекте дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жогорку даражалуу өкүлдөр чогулат. Анда коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика, санариптештирүү жана эл аралык кызматташтык сыяктуу маанилүү маселелер талкууланат.
ШКУ деген эмне?
Шанхай кызматташтык уюму - Азия жана Евразия мейкиндигиндеги мамлекеттердин ортосунда саясий, экономикалык, коопсуздук жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.
ШКУ 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан болгон. Уюмдун негизги идеясы алгач мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөө жана аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан.
Кийинчерээк ШКУнун курамы кеңейген. Индия менен Пакистан 2017-жылы, Иран 2023-жылы, ал эми Беларусь- 2024-жылы толук мүчө болгон. Бүгүн уюмда 10 мамлекет бар: Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларус.
Мындан тышкары, ШКУнун байкоочу мамлекеттери жана диалог боюнча өнөктөштөрү да бар.
ШКУ эмне үчүн түзүлгөн?
Уюмдун түзүлүшүнүн башкы себептеринин бири мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөө жана Борбор Азиядагы коопсуздукту чыңдоо болгон.
ШКУ терроризм, экстремизм, сепаратизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу чек арадан өтүп кеткен коркунучтарга каршы биргелешип аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурат. Уюмдун алкагында коопсуздук органдарынын кызматташтыгы, маалымат алмашуу жана терроризмге каршы биргелешкен иш-чаралар өткөрүлөт. Бул багытта ШКУнун Ташкенттеги Регионалдык антитеррордук түзүмү маанилүү роль ойнойт.
ШКУнун максаты эмнеде?
ШКУнун максаттары коопсуздук менен эле чектелбейт.
Уюм мамлекеттердин ортосунда:
- саясий кызматташтыкты;
- соода-экономикалык байланыштарды;
- транспорт жана логистика тармагын;
- энергетика боюнча кызматташтыкты;
- илим жана технологияны;
- санариптик экономиканы;
- экологиялык долбоорлорду;
- билим берүү жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Ошондой эле мамлекеттердин элдеринин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө да ШКУнун маанилүү багыттарынын бири.
ШКУну НАТО сыяктуу аскердик альянс деп түшүнүүгө болбойт. Уюмдун расмий принциптеринин арасында башка мамлекеттерге же уюмдарга каршы багытталбоо, мамлекеттердин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо, ички иштерге кийлигишпөө жана талаштарды диалог аркылуу чечүү каралган.
ШКУ кандай чечимдерди кабыл алат?
Уюмдун эң жогорку органы мамлекет башчыларынын кеңеши. Ал ШКУнун негизги саясий багыттарын аныктайт. Мындан тышкары, өкмөт башчыларынын, тышкы иштер министрлеринин жана башка тармактык министрлердин деңгээлинде жолугушуулар өткөрүлөт.
ШКУдагы маанилүү өзгөчөлүктөрдүн бири мамлекеттердин өз ара консенсус аркылуу иш алып баруусу. Башкача айтканда, негизги чечимдерди кабыл алууда мүчө мамлекеттердин позициялары эске алынат.
Уюмдун катчылыгы Пекин шаарында жайгашкан.
Кыргызстан үчүн ШКУ эмнени билдирет?
Кыргызстан ШКУнун негиздөөчү алты мамлекетинин бири. Ошондуктан уюм өлкө үчүн жөн гана эл аралык аянтча эмес, коопсуздук жана экономикалык кызматташтык боюнча маанилүү механизм болуп саналат.
Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу өлкөнүн эл аралык дипломатиялык күн тартибинде активдүү роль ойноосуна мүмкүнчүлүк бергендигин серепчилер белгилешүүдө. 2025–2026-жылдары өлкөдө уюмдун алкагында бир катар министрлик жолугушуулар, форумдар, маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.
Бишкектеги саммит болсо төрагалыктын жыйынтыктоочу жана эң жогорку деңгээлдеги иш-чарасы болот.
Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт.
кошулду
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















