super.kg logo

Таластагы “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулушу 95 пайыз аяктады (видео)

 

Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдары өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулушу 95 пайыз аяктады. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

“Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасынын жана колдоосунунун негизинде Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулуш иштери 95 пайыз аяктады. Аталган объекттин курулушу 2025-жылдын күз мезгилинде мамлекет башчыбыздан мезгил кутусун салуу менен башталган. “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат жана келечекте шаардын маданий, эс алуу жана экономикалык борборлорунун бирине айланат”, - деди Жумаев.

Долбоорго ылайык, “Баластан” борборунда заманбап аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал, боулинг, коомдук тамактануу жайлары, лабиринттер, ошондой эле чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүү борборлору курулууда. Мындан тышкары, борбордо конокторду кыргыз тилинде тейлей турган робот-гиддерди ишке киргизүү пландалууда.

Объект пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жаңы жумуш оруну түзүлүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.

Эс алуу жайы ушул жылдын 11-12-сентябрында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөөдө мамлекет башчыбыздын катышуусунда расмий ачылат






Таластагы “Баластан” балдары өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулушу 95 пайыз аяктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: