ШКУ саммитинин алкагында Бишкекке канча өлкөнүн башчылары келе жатат?
1-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чараларга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Орусиянын лидери Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана Мисирдин вице-премьер-министри Хусейн Иса катышат.
Эл аралык уюмдардан ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, уюмдун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин башкы катчысы Сергей Лебедев, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин башкы катчысы Кайрат Сарыбай катышат.
Маалым болгондой, мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, санариптик, экологиялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.
Жыйындын жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган документтерге жана чечимдерге кол коюлат, ошондой эле мамлекет башчыларынын бир катар тематикалык билдирүүлөрү кабыл алынат.
“ШКУ плюс” форматындагы кеңейтилген курамдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда БУУнун координациялоочу негизги ролун жана эл аралык укукту бекемдөө, ошондой эле туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот.
Алдыдагы саммит Кыргыз Республикасынын ШКУга 2025-2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жыйынтыктоочу иш-чара болот. Кыргызстан бул төрагалыкты “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын алдында жүргүзүүдө", - деп жыйынтыкталган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:45
2026-08-29
10:32
2026-08-27
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















