super.kg logo

Таласта "Манас Ордо" комплексин реконструкциялоо иштери аяктоодо (видео)

 

Талас облусунда "Манас Ордо" улуттук комплексин реконструкциялоо жана жаңылоо иштери аяктоо алдында турат. Аймактагы пресс-турдун алкагында журналисттерге комплексте жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү көрсөтүлдү.

Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, учурда комплекстин аймагындагы негизги реконструкциялоо иштери соңуна чыгып калды.

"Долбоордун алкагында кыргыздын улуттук боз үйүнүн формасында жети жаңы имарат курулду. Алардын ар бири Кыргызстандын жети облусунун биринин атын алып, келген конокторду кабыл алууга арналат. Мында келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. "Манас Ордо" комплексинин аймагында санитардык талаптарга жооп берген атайын мал союучу жай курулууда", - деди ал.

Анын маалыматына караганда, мындай жайдын курулушу комплекске зыярат кылуучулардын жана коноктордун көптүгү менен байланыштуу. Жыл сайын бул жерде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлүп, 4 миңден ашык кой союлат.

"Элге ыңгайлуу шарт түзүү менен бирге “Манас Ордонун” аймагы таза жана туристтер үчүн жайлуу болушу керек. Ошондуктан өзүнчө мал союучу жай жана түлөөкана курдук. Бул жерде эки ашкана, муздаткыч бөлмө, очоккана жана башка зарыл бөлмөлөр каралган", — деди ал.

Түлөөкананын курулушун сентябрь айынын башында аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.

Комплексте курулган дагы бир жаңы объект — "Кеңеш Ордо" конгресс-холлу. Ал Талас облусундагы ушул багыттагы алгачкы административдик имарат болуп калат.

"Кеңеш Ордодо" жыйындарды жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган чоң зал, күтүү залы жана заманбап талаптарга ылайык жабдылган башка бөлмөлөр каралган.

Жаңыланган "Манас Ордо" комплексин заманбап туристтик жана тарыхый-маданий жайга айландыруу пландалууда. Ошол эле учурда анын "Манас" эпосу жана кыргыз элинин руханий мурасы менен байланышкан маанилүү жайлардын бири катары тарыхый ордун сактоо көздөлүүдө.






Таласта "Манас Ордо" комплексин реконструкциялоо иштери аяктоодо

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: