Бишкек мэри эл аралык иш-чараларга акыркы даярдыктарды текшерди
Кечээ, 29-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардагы эл аралык иш-чараларга даярдалып жаткан негизги объектилердин абалын текшерди.
Мэриядан билдиргендей, мэр "Манас" аэропортун шаар менен байланыштырган негизги каттамдарды кыдырып, жолдордун, көчөлөрдүн жана аларга чектеш аймактардын даярдыгы менен таанышты. Ошондой эле Манас көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишиндеги жол өтмөгүнүн реконструкциясын жана "Аска-Таш" мемориалдык комплексиндеги иштерди көрдү.
Жооптуу кызматтарга көчөлөрдү тазалоо, жарыктандыруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүп, бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү тапшырылды. Мэр ар бир жетекчи өзүнө жүктөлгөн багыт үчүн жеке жоопкерчиликтүү экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:45
2026-08-29
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















