Бишкектин милициясы "Мадина" базарындагы өрт боюнча расмий маалымат берди
Бишкектеги "Мадина" базарынын аймагындагы өрт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды.
Шаардык милициясынын маалыматы боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болушу мүмкүн. Окуя болгон жерде милиция, өрт-куткаруу кызматы жана башка ыкчам кызматтар иш алып барууда. Коопсуздук максатында базардын аймагы курчоого алынды.
Социалдык тармактарда өрттөн жабыркагандар бар деген маалымат тараган. Бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.
ИИМ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана маалыматты расмий булактардан алууга чакырды. Окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Эскерте кетсек, бүгүн, 30-августта аталган базарда эртең менен өрт чыккан. Ал жакка ӨКМден 10 эсептик күжүрмөн тартылып, министр Канатбек Чыныбаев өзү көзөмөлдөп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















