Кытай лидери Си Цзиньпинди тосуп алуудагы сүртүмдөр
Бүгүн, 30-августта Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны аба майдандан президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова тосуп алышты.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматы кызыктуу сүртүмдөр менен бөлүштү.
Эскерте кетсек, "Манас" эл аралык аэропортундагы флагштокторго эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген. Кыргыз улуттук кийимдерин кийген кыздар кыргыз элинин меймандостугун жана кең пейилдигин билдирген салттуу даамдар - боорсок жана бал сунушту.
Салтанаттуу аземдин маанайын аскер оркестринин жана добулбасчылар ансамблинин аткаруусу толуктады. Ардактуу конокторду комузчулар, бий топтору жана салттуу “Салбуурун” маданиятынын өкүлдөрү тосуп алышты. Аземде кыргыз элинин баатырдык мурасын жана рухунун күчүн даңазалаган “Алп баатырлар” композициясы өзгөчө орунду ээледи.
Салтанаттуу программа аэропорттун VIP залында улантылып, анда коноктор үчүн балдар хору жана жаш аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Эки элдин достугунун өзгөчө символу катары балдардын кыргыз жана кытай тилдеринде музыкалык чыгарма аткаруусу болду.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















