Быйыл Садыр Жапаров Тогонун өкмөт башчысы менен экинчи ирет жолугушту
Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келген Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолугушту.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууда эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий байланыштарын кеңейтүү, ошондой эле БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.
Садыр Жапаров Тогого Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, Гнассингбе быйылкы жылдын апрель айында расмий мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келип, Садыр Жапаров менен жолугуп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:18
2026-08-31
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















