"Мадина" базарындагы өрттө ӨКМдин үч кызматкери жабыркады
Бүгүн, 30-августта Бишкектеги "Мадина" базарындагы өрттү өчүрүү учурунда үч ӨКМ кызматкери жабыркады.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки куткаруучуга медициналык жардам амбулатордук түрдө көрсөтүлдү. Ал эми дагы бир кызматкер токсикология бөлүмүнө жаткырылды.
Учурда жабыркаган кызматкерлердин абалы туруктуу.
Эскерте кетсек, аталган базардагы тилсиз жоо чектөөгө алынды. Өрт миң чарчы метрди жалмап кетти. Тийиштүү кызматтардын баары жеринде иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















