Садыр Жапаров Кытайдын лидери менен бейформал жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкек шаарында расмий эмес шартта жолугушту.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, бейформал кечки тамактануу учурунда эки өлкөнүн лидерлери жылуу маанайда пикир алышып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда өтө турган расмий иш-чаралардын негизги темаларын талкуулашты.
Эскерте кетсек, Кытай лидери ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууга катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















