Вьетнамдын вице-президенти эл аралык иш-чараларга катышуу үчүн Бишкекке келди
Бүгүн, 30-августта Вьетнам вице-президенти Во Тхи Ань Суан Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.
Во Тхи Ань Суан "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Ага Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















