super.kg logo
  Саясат  

Кытай президенти кыргызстандыктарды куттуктады

 

Кытай лидери Си Цзиньпин өлкө башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Өткөн 35 жылдын ичинде, айрыкча сиздин беш жылдан ашуун убакыттан берки жетекчилигиңиздин алдында Кыргызстан мамлекет куруу жаатында көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти. Достук мамиледеги коңшу жана жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары кытай тарап бул жетишкендиктерге чын жүрөктөн кубанат.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берем. Былтыр сиз менен үч ирет жолугуп, эки тараптуу мамилелер жана кызматташтык боюнча кеңири пикир алмаштык, өнүгүүнүн жаңы багыттарын аныктадык. Эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн Кытай менен Кыргызстандын тагдырлаш коомчулугун жаңы бийик деңгээлден түптөөгө карай сиз менен биргелешип аракеттенүүгө даярмын.

Сиздин өлкөңүзгө өнүгүп-өсүүнү, ал эми элиңизге бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм”,- деп айтылат анда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: