super.kg logo
  Саясат  

Путин Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен куттуктады 

 

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Сиздин жетекчилигиңиз менен Кыргызстан алдында турган социалдык жана экономикалык милдеттерди ийгиликтүү чечип, эл аралык позициясын ырааттуу бекемдеп келе жатат.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда динамикалуу өнүгүүдө. Москва менен Бишкек ар түрдүү багыттар боюнча жемиштүү кызматташып, ЖККУ, ЕврАзЭШ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында жигердүү өз ара аракеттенүүдө.

Биз, албетте, эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча тыгыз биргелешкен ишибизди улантабыз. Бишкекте өтө турган алдыдагы жолугушуубуз өз ара пайдалуу орус-кыргыз кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө, Евразия мейкиндигиндеги коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенем”,- деп айтылат анда.

Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми жалпы кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: