super.kg logo

АКШ менен Ирандын тиреши кайрадан жанданды

 

Кечээ, 30-августта АКШнын Куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгындагы Ларек аралында жайгашкан Ирандын эки ракеталык орнотмосуна сокку урду. Бул тууралуу чет өлкөлүк мааалымат каражаттары билдирди.

АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына караганда, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгына деңиз миналарын ташуучу ракеталарды учурууга даярданып жаткан. Америкалык аскерлер буга чейин кысык аркылуу өткөн соода жолдорун миналардан тазалоо иштерин аяктаган.

АКШ президенти Дональд Трамп мындан бир апта мурда Иранга эскертүү берип, мина коюуга аракет кылган кемелер дароо жок кылынарын айткан.

Америкалык соккудан кийин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ "экономикалык жана аскердик жактан жооп берүүгө аргасыз болорун" эскерткен.

Кийин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Иорданиядагы АКШнын эки аскердик базасына сокку урган. Иран тарап объектилердин техникалык инфраструктурасы, тейлөө пункттары жайгашкан позициялар бутага алынганын маалымдады.

Ал эми Иорданиянын армиясы өлкөнүн аба мейкиндигин бузган сегиз ракетаны кармап калганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: