Оштогу жаңы парк тебелендиде калдыбы? Шаар тургуну кайрылуу жасады (видео)
Ош шаарында Ак-Буура каналынын боюнда курулган жаңы эс алуу жайына келген айрым жарандар жашыл аймактарга кирип, гүлдөрдү тебелеп жатканын шаар тургуну айтып, кайрылуу жасады.
Ал элди жасалган эмгекти баалап, гүлдөрдү жана жашыл зоналарды сактоого чакырды. Ошондой эле сүрөткө түшүп, эстелик калтырууну каалагандар үчүн тротуарлар бар экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, аталган парк 15 гектар аянтка курулуп, 29-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттардын катышуусунда, салтанаттуу тапшырылган.
Оштогу жаңы парк тебелендиде калдыбы? Шаар тургуну кайрылуу жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:51
2026-08-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















