super.kg logo

"Дүйнө эли суктангыдай". Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин куттуктоосу менен ынтымакка үндөдү

 

Өлкөнүн мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Быйыл өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатабыз. 35 жыл - тарыхтын ченеми менен алганда бир көз ирмем. Ал эми мамлекетибиздин, ар бирибиздин тагдырыбызда - бир муун жетилип, турмуш жолуна түшкөн мезгил. Ушул жылдар аралыгында далай сыноолорду баштан кечирдик, жеңиштерге кубанып, кыйынчылыктардан сабак алдык.
Мамлекеттүүлүктүн негизин түзгөн башкы баалуулуктардын баркын түшүндүк. Биздин эң чоң байлыгыбыз - элибиздин ынтымагы, жергебиздеги тынчтык жана мамлекетибиздин бүтүндүгү. Бул баалуулуктарды жеке кызыкчылыктан жогору коюп, эгемендүүлүктүн жоопкерчилигин көтөрө билели. Эгемендүүлүк - бизге ата-бабалардан калган ыйык мурас. Аны бекемдеп, кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүү - биздин милдетибиз. Өлкө тагдыры - ар бирибиздин тагдырыбыз. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!" - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Жээнбеков ШКУнун саммитин жана Көчмөндөр оюнун жапа тырмак ийгиликтүү өткөрүүгө үндөп, ага "дүйнө эли суктангыдай" болсун деген ниетин билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: