Европанын бир катар лидерлери кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттукташты
Бүгүн, 31-августта Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Бельгиянын падышасы Филипп, Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен, Испаниянын падышасы Филипп VI жана Нидерланддын падышасы Виллем-Александр, Рим папасы Лео XIV президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоолордо Кыргызстанга тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү кааланып, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даярдык билдирилди. Ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги мүчөлүгү жана алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мааниси белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















