super.kg logo

Караколдун шаардык пляжы жаңыланып, заманбап эс алуу жайына айланды (видео)

 

Караколдогу шаардык пляж масштабдуу көрктөндүрүү иштеринен кийин жаңы көрүнүшкө ээ болуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу заманбап эс алуу жайына айланды.

Мэриянын билирүүсүнө караганда, аймакты иретке келтирүү үчүн 600гө жакын машина кум жана 300 машина топурак төгүлүп, 1 600 чарчы метр жерге газон төшөлдү.

"Пляждын аймагында спорт сүйүүчүлөрү үчүн 4 футкорд жана 2 волейбол аянтчасы курулуп, футбол дарбазалары орнотулду. Балдар үчүн заманбап оюн аянтчалары да жасалды. Эс алуучулар үчүн 400 шезлонг, 2 гүлзар жана 3 декоративдик арка коюлду. Мындан тышкары, санитардык шарттарды жакшыртуу үчүн дааратканалар орнотулуп, скважиналар казылып, насостор жайгаштырылды. Кечки убакта да аймак жарык жана коопсуз болушу үчүн 14 чоң жана 29 кичи жарык берүүчү мамы орнотулган",- деп белгиленди маалыматта.

Пляждын дагы бир өзгөчөлүгү - 2,5 чакырымдык жөө жүргүнчүлөр жолу экендиги маалыматта кошумчаланды.






Каракол

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: