Си Цзиньпин: "Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкты" (видео)
Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
"Бүгүн Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленип жатат. Кытайдын өкмөтүнүн жана элинин атынан чын жүрөктөн куттуктайм. Өлкөңүзгө күч-кубат жана гүлдөп-өнүгүү, кыргыз элине бакыт жана бакубатчылык каалайм",- деди Си Цзиньпин.
Мындан тышкары, ал Садыр Жапаровдун Кытайда болгон кырсыктын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтканын белгилеп, ага ыраазычылык билдирди.
Кытай төрагасы акыркы жылдары Кытай менен Кыргызстандын мамилелери жаңы деңгээлге чыгып, бардык тармактардагы кызматташтык кеңейип жатканын айтты.
Си Цзиньпин Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу сыяктуу бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, мындай демилгелер эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшү аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана экономикалык өсүштү камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















