super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кытай лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

 

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун башында Садыр Жапаров Кытай лидерин кыргыз жергесинде жылуу тосуп алып, анын сапары Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы өткөрүлгөн күнгө туш келгенин өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле КЭРдин Тибет автономиялуу районунда сел жүрүп, адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу Си Цзиньпинге жана кытай элине жеке өзү терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Президент Кыргызстан Кытай менен көп кылымдык достук, ынак коңшулук жана өз ара ишеним мамилелерин мындан ары да чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Кыска тарыхый мезгилдин ичинде биздин алакалар жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти жана бүгүнкү күндө тарыхый жактан эң жогорку деңгээлде турат. Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы “алтын мезгилине” кадам таштады деп ишенимдүү түрдө айта алам”,- деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Си Цзиньпинди жана жалпы кытай элин Кытай Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы менен куттуктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: