Садыр Жапаров БУУга сунуш берди
Бүгүн, 31-августта өлкө башчы Садыр Жапаров ШКУ+ жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.
Президенттин администрациясы билдиргендей, жолугушууда БУУ менен өз ара аракеттенүүнүн келечеги, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле тоолуу аймактарга жана климатка байланыштуу демилгелерди дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү маселелери талкууланган. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып баруусуна бурулган.
Мамлекет башчысы БУУга "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитин биргелешип уюштурууну сунуштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















