Визаны жеңилдетүү боюнча кеп козголду... Садыр Жапаров Дональд Трампка салам жолдоду
Президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү Серджио Горду кабыл алды.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, бүгүн, 31-августтагы жолугушууда кыргыз-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болган. Өзгөчө көңүл “Борбордук Азия + АКШ” форматынын алкагындагы кызматташтыкка бурулган. Буга байланыштуу тараптар 2027-жылы ушул форматта мамлекет башчыларынын экинчи саммитин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.
Садыр Жапаров АКШга барууну каалаган Кыргыз жарандарына карата визалык талаптарды жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча кеп козгогон. Өз кезегинде Серджио Гор мамлекет башчысынын сунуштарын колдоп, кыргыз-америка мамилелерин чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трампка салам жолдоп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткан америкалык спортчуларга ийгиликтерди каалады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















