Кыргызстан менен Кытайдын биринчи айымдары кыргыз маданияты менен таанышты
Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Кытай Эл Республикасынын биринчи айымы Пэн Лиюань Улуттук тарых музейинде кыргыз маданияты менен таанышты.
Маданий программанын алкагында биринчи айымдар кыргыз жана кытай элдеринин каада-салтын жана өзгөчөлүгүн чагылдырган көргөзмө менен таанышышты. Программанын өзгөчө бөлүгүн “Элечек - кыргыз аялзатынын баа жеткис мурасы” аттуу көрсөтүү түздү.
Белгиленгендей, иш-чара Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















