Бишкекте Вьетнамдын алгачкы президенти Хо Ши Миндин эстелиги ачылды
Бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Royal Central Park" комплексинде Вьетнамдын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Хо Ши Миндин эстелиги ачылды.
Аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана расмий өкүлдөр катышканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Марлен Маматалиев бул эстелик Кыргызстан менен Вьетнамдын достугунун жана кызматташтыгынын символу экенин белгиледи. Ал эми Вьетнамдын вице-президенти кыргыз тарапка Хо Ши Миндин тарыхый мурасына көрсөткөн урмат-сыйы үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалымат үчүн: Хо Ши Мин Вьетнам Демократиялык Республикасынын биринчи президенти болгон. 1890-жылы төрөлүп, 1969-жылы каза болгон. Вьетнамда аны улуттук баатыр катары баалашат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн эң ириХошимин шаары анын урматына аталган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















