Орден тапшырды... Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келген Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолугушту.
Мамлекет башчысынын администрациясы кабарлагандай, бүгүн, 31-августтагы жолугушууда Садыр Жапаров Кыргызстан соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, туристтик, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген. Өз кезегинде Во Тхи Ань Суан Кыргызстан Вьетнамдын Борбордук Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын айткан.
Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштардын жана туризмдин элдер ортосундагы достукту бекемдөөдөгү маанисине токтолуп, конструктивдүү диалогду мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташкан.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров “Рокс Груп” вьетнамдык компаниясы Кыргызстанда энергетика жана шаардык инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилеп, компаниясынын жетекчиси Чань Ань Туанды “Достук” ордени менен сыйланган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















